7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир жолку төлөм менен бир нече автобус которуу системасы кириши мүмкүн

282

Бишкектеги автобустарда бир жолку төлөм менен 1 сааттын ичинде акысыз которулуу системасы кириши мүмкүн. Бишкек мэриясы тиешелүү токтом долбоорун талкууга чыгарып, шаардык кеңештин кароосуна да жөнөткөн.

Демилгенин максаты — автобустарда жана электробустарда жол кирени накталай эмес түргө толук өткөрүү.

Долбоорго ылайык, жол акысы өзгөрбөйт, 17 сом бойдон калат. Ал эми чакан автобустардагы тариф 20 сом болот. «Тулпар» картасы менен төлөм жүргүзгөндөр биринчи төлөмдөн кийин 60 мүнөттүн ичинде башка автобуска түшсө акысыз жүрө алышат.

Мэриянын эсептөөлөрү боюнча, жаңы системаны ишке ашыруу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 307,2 миллион сом чыгымдалат. Эгерде жаңы эрежелер Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан бекитилсе, 2026-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кириши мүмкүн.

283