Чет элдик номерлүү унааларды легалдаштыруу боюнча акыркы мөөнөт белгиленди
323
Президент Садыр Жапаров чет өлкөлүк каттоо белгилери бар унааларды легалдаштырууну аяктоо жана алардын жүгүртүүсүн жөнгө салуу тууралуу Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, легалдаштыруу жол-жобосунан өтпөгөн унаалардын ээлерине 2026-жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкү мүмкүнчүлүктөр берилет:
▪️ Унааны акыркы жолу легалдаштыруу; ▪️ Өлкө аймагынан чыгарып кетүү; ▪️ Запастык бөлүктөргө сатуу; ▪️ Утилдештирүү.
Легалдаштыруунун кошумча тартиби 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга киргизилген жана каттоодон өтпөгөн унааларга гана тиешелүү болот.
1-сентябрдан кийин легалдаштырылбаган унааларды өлкө аймагында пайдаланууга тыюу салынат. Талаптарды аткарбаган транспорт каражаттары соттун чечими менен атайын токтотуу жайларына коюлуп, кийин утилдештирилиши мүмкүн.
Ошондой эле мындай унааларды атайын токтотуу жайларында сактоо үчүн жеңилдетилген тариф — суткасына 50 сом өлчөмүндө белгиленет.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Мамлекет башчысы жергиликтүү бюджеттин өсүшүн
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун жашоочуларынын суроолоруна жооп берди. Тургундар медициналык кызматтардын
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор
Бүгүн, 24-октябрда күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде
Президент Садыр Жапаров Тибет автономиялуу районунда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге