7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нью-Делидеги каргаша: Өрт кырсыгынан үч кыргыз жараны көз жумду

203

Индиядагы өрттөн каза болгон үч кыргызстандык бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Индиядагы элчи Аскар Бешимов билдирди.

Нью-Дели шаарында мейманканада чыккан өрттөн 21 адам набыт болгон, арасында Кыргызстандын үч жараны да бар экени айтылган.

Элчинин айтымында, алар Индияга боор алмаштыруу операциясы үчүн барып, эки айдан бери дарыланып жатышкан. Каза болгондор 50 жаштагы аял, ага донор болгон 23 жаштагы уулу жана экөөнү караш үчүн барган аялдын 76 жаштагы энеси болгон.
«Операция жасалган. Дарыланып бүтүп, бир жуманын ичинде мекенине кайтышмак экен. Учурда окуяны полиция териштирип жатат. Тиешелүү органдар уруксат бериши керек. Ошол багытта иштер жүрүүдө. Туугандары менен байланыштабыз. Сөөктөрдү мекенге алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат»,- деди Бешимов.
204