7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин жаңы Жарлыгы: Кыргызстанда шахматка өзгөчө көңүл бурулат

166
Президент Садыр Жапаров “2026–2030-жылдарга Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Жарлыктын негизги максаты – шахматты калк арасында кеңири жайылтуу үчүн шарттарды түзүү жана шахматчыларды даярдоонун натыйжалуу системасын калыптандыруу.
Жарлыкка ылайык, шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталды. Жарлыктын алкагында Кыргыз шахмат союзуна караштуу Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү фонду түзүлөт. Мындан тышкары, өлкөдөгү 500 мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмунда 3–5-класстардын окуучулары үчүн «Мектептердеги шахмат» пилоттук долбоору ишке киргизилет. Долбоордун алкагында шахмат ийримдери аркылуу окуучуларга кошумча билим берилет.
Жарлыкка ылайык, Агартуу министрлигине төмөнкү милдеттер жүктөлдү:
— пилоттук долбоорго катышуучу 500 жалпы билим берүү уюмунун тизмесин бекитүү;
— 3–5-класстардын окуучулары үчүн шахмат боюнча кошумча билим берүүнүн типтүү программасын иштеп чыгуу жана бекитүү;
— шахмат ийримдерин жүргүзүү үчүн педагогикалык кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону камсыз кылуу;
— пилоттук долбоордун натыйжаларына 10 ай өткөндөн кийин мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону уюштуруу.
167