7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Билим берүү тармагында ири жаңылануу: 53 мектеп модернизацияланат

4

Быйыл Кыргызстан боюнча 53 инновациялык мектептин базасы толугу менен жаңыланат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Каракол шаарындагы №11 жалпы билим берүү мектебинде модернизация иштери башталды. Анын алкагында мектептин инфраструктурасын жаңылоо жана имаратты заманбап стандарттарга ылайык келтирүү иштери жүрүүдө. Тактап айтканда, STEM-кабинеттеринде эски терезелер алынып, дубалдар тегизделип, полдор оңдолууда.

Долбоордун негизги максаты — окуучулар үчүн сапаттуу жана заманбап билим берүү шарттарын түзүү. Бул багытта төмөнкү иштерге өзгөчө көңүл бурулат:

  • STEM багытындагы кабинеттерди заманбап лабораториялар менен жабдуу;

  • Китепкана, спорт зал жана эмгекке үйрөтүү кабинеттерин жаңылоо;

  • Инклюзивдүү шарттарды түзүү, санитардык түйүндөрдү мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга ылайыкташтыруу;

  • Айрым мектептердин чатырын, сырткы көрүнүшүн жана жылытуу системасын капиталдык оңдоодон өткөрүү.

Министрликтин маалыматына караганда, бул иштердин баары окуучулар үчүн коопсуз, заманбап жана эл аралык стандарттарга жооп берген билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган.

5