7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун жана Байрам Бегайдын расмий жолугушуу аземи болуп өттү

15

Бүгүн, 18-июнда, Чолпон-Ата шаарында Президент Садыр Жапаровдун жана Албания Республикасынын Президенти Байрам Бегайдын расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

“Рух-Ордо” маданий борборунда Кыргызстан менен Албаниянын мамлекеттик туулары илинип, Ардактуу кароол тизилип, 40 этно жоокер турушту.

Лидерлер саламдашкандан кийин Ардактуу кароолдун рота командиринин рапортун кабыл алышып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан соң мамлекет башчылар катарды кыдырып чыгышты, Байрам Бегай Ардактуу кароол ротасы менен “Салам аскер!” деп саламдашты. Мындан кийин лидерлер расмий делегация мүчөлөрү менен таанышышты.

Андан ары Садыр Жапаров жана Байрам Бегай биргеликте сүрөткө түшүү жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн №2 Мамлекеттик резиденциянын Конгресс-холлуна өтүштү.

16