7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Атадагы жолдордун сапаты текшерилүүдө

324

Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери жолдордун сапатын текшерүүнү улантууда.

Бул жолу Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов, Акматбай-Ата жана Школьная көчөлөрүндө курулуп жаткан жолдор көзөмөлдөндү.

Текшерүү учурунда жол жабындысынан үлгүлөр алынып, лабораториялык анализге жөнөтүлдү. Анын жыйынтыгында курулуш иштеринин сапаты жана долбоор талаптарына шайкештиги аныкталат.

Адистер белгилегендей, жолдордун сапатын камсыздоо үчүн мындай көзөмөл иштерин туруктуу негизде жүргүзүү каралган.

325