7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын шаарында саркынды сууларды тазалоочу станциянын курулушу башталды

22

Айыл чарба министрлиги Эрлист Акунбеков Нарын шаарында саркынды сууларды тазалоочу станциянын курулушуна старт берди. Долбоор Нарын шаарынын ирригациялык жана канализациялык тутумун модернизациялоого багытталган.

Айыл чарба министрлигинин маалыматында, жаңы канализация тармактары курулуп, насос станциялары орнотулат жана 20 миң адамга ылайыкталган тазалоочу курулма ишке берилет. Бул чара Нарын дарыясынын экологиялык коопсуздугун камсыздоого шарт түзөт.

Долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылууда. Анын жалпы баасы 10,7 млн еврону түзөт. Буга чейин аталган программанын алкагында шаардагы суу түтүктөрү жаңыланып, суу жоготуулары азайтылган.

Эрлист Акунбеков бул долбоор калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын натыйжасы экенин белгиледи.

23