7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык боюнча жыйын өттү

248

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматкановдун төрагалыгы алдында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга агенттиктин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев төрагалык кылып, ага бөлүм башчылары жана ведомстволук дирекциялардын жетекчилери катышты.

Жолугушууда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү иштеринин жүрүшү талкууланып, уюштуруу маселелери, жооптуу түзүмдөрдүн өз ара кызматташуусу, иш-чараларды өткөрүү боюнча милдеттер жана алдыдагы пландар каралды.

Мындан тышкары жооптуу тараптарга бир катар тапшырмалар берилип, даярдык иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу боюнча сунуштар айтылды.

249