Чолпон-Атада Кыргызстан жана Албаниянын Биринчи айымдарына этномаданий программа тартууланды
19
Биринчи айым Айгүл Жапарова жана Албаниянын Биринчи айымы Арманда Бегайга Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда этномаданий программа тартууланды.
Иш-чаранын алкагында конокторго кыргыз элинин бай маданий мурасы, улуттук каада-салттары жана искусствосу көрсөтүлдү. Андан соң жогорку даражалуу меймандар үчүн “Рух-Ордо” маданий борборунда экскурсия уюштурулду.
Иш-чара Албаниянын Президенти Байрам Бегайдын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында өттү.