7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ак-Суу районунун мурдагы аткаминери кармалды

258

Ысык-Көл облусунда кум-шагыл аралашмасын жана кумдуу чопону казып алууга күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысы боюнча иликтөө жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалым болгондой, тергөөнүн жүрүшүндө айрым кызмат адамдары мыйзам талаптарын бузуу менен жер казынасын пайдаланууга негиз болгон күбөлүктөрдү беришкени аныкталган. Ошондой эле пайдалуу кендерди казууда белгиленген тилкелердин чегинен чыгып кетүү фактылары катталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, мамлекетке келтирилген чыгым 14,2 миллион сомдон ашкан.

Кылмыш ишинин алкагында Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын мурдагы биринчи орун басары Д.М.К. кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

259