КР эл артисти, мурдагы маданият министри, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, композитор, обончу Түгөлбай Казаков Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына ээ болду.
Казаков аталган сыйлыкка “Боз жорго” музыкалык чыгармасы менен Музыкалык искусство жаатында көрсөтүлгөн.
Ошондой эле аталган сыйлык Адабият жаатындагы мамлекеттик сый акы Айтмамбетов Ишен Джакшылыковичке, жазуучу – “Бет-Алман” тарыхый романы үчүн, кино искусство, радио жана телекөрсөтүү жаатындагы мамлекеттик сый акы Абдыкадыр Тилекке, Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын документалдык жана илимий-популярдуу фильмдердин сценаристи жана кинорежиссеру – Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган 4 сериялуу тарыхый-документалдуу киноэпопеясы үчүн да ыйгарылды.



