7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын: Баетов айылынын тургундары үчүн заманбап спорткомплекс курулууда

262
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында заманбап спорткомплекс куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Жаңы спорткомплекстин жалпы аянты 2224 чарчы метрди түзөт.
Имаратта 300 көрүүчүгө ылайыкталган спорт залы, күрөш залы, конференц-зал, машыктыруучунун кабинети жана спортчулар үчүн бардык шарттары бар кийим алмаштыруучу бөлмөлөр каралган.
Курулуш-монтаждоо иштерин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.
Долбоор аймактагы спорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө, жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырууга жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган.
263