7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулуштар аныкталып, 1 млн сом айып пул салынды

163

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан Чолпон-Ата шаарында жүргүзүлгөн көзөмөлдөө иш-чараларынын жүрүшүндө бир катар коомдук тамактануу объектилеринде, конок үйлөрдө жана май куюучу станцияда мыйзам бузуулар аныкталды.

Тактап айтканда, объектилерде курулуш иштери уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп, курулуш ченемдери жана техникалык талаптары сакталбай келген.

Натыйжада, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 144-беренесине ылайык курулуш иштерин жүргүзүп жаткан жеке ишкерлер А. М. Д., Н. Б. Ы., “Интегра Констракшн”, “СХ” ЖЧКлары жана “Jolgo” ишканаларына жалпы суммасы 1 053 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу жана объектилерди белгиленген талаптарга ылайык келтирүү боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

164