7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ролиги жарыяланды

10

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын “Чакырык жаңырган жер” аттуу расмий ролигин сунуштады. Бул ролик ДКОнун эл аралык маалыматтык өнөктүгүнө расмий старт берет.

Ролик Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын философиясын чагылдырат. Бул эл аралык долбоор спорт, салт-санаа жана маданий мурас аркылуу ар түрдүү өлкөлөрдүн, маданияттардын жана муундардын өкүлдөрүн бириктирет. . Анда муундан муунга уланып келген жол, кылымдарды карыткан мурас жана убакыт менен аралыкка карабастан адамдарды бириктирип турган салттар тууралуу баяндалат.

Көрүүчүлөр Кыргызстандын ажайып жаратылышын, көчмөн маданиятынын көркөм көрүнүшүн, улуттук спорт түрлөрүн жана кылымдардан бери ата-бабалардын мурасын сактап, кийинки муундарга өткөрүп келген салттуу билимдерди алып жүрүүчүлөрдү көрө алат.

Аталган ролик VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык маалыматтык өнөктүгүнүн маанилүү бөлүгү болуп, санарип платформаларда, жалпыга маалымдоо каражаттарында, эл аралык презентацияларда жана Оюндарды дүйнөлүк деңгээлде таанытуу иштеринде колдонулат. 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстан өткөрөт. Ага дүйнөнүн 95ге жакын өлкөсүнүн өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Ошондой эле спорттук, маданий жана илимий делегациялардын 3 миңден ашуун өкүлү, эл аралык жана улуттук жалпыга маалымдоо каражаттарынын 600дөн ашуун өкүлүнүн келүүсү күтүлүүдө.

“Чакырык жаңырган жер” — дүйнө элдерин бириктирген иш-чаранын үнүн жаңыртып, 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга үндөгөн чакырык.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

11