Аламүдүн суусунда изделип жаткан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнин Чүй облусундагы бөлүмүнөн билдиришти.
2026-жылдын 24-июнь күнү Теплые Ключи эс алуу жана дарылоо борборуна жакын жерде Аламүдүн суусуна агып кеткен 1994-жылы туулган С.Р. аттуу эркек кишинин жансыз денеси куткаруучулар тарабынан суудан чыгарылып, андан ары ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.



