Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы-Жалал-Абад унаа жолунда жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр кооптуу тилкелерде курулуп жаткан тирөөч дубалдардын, селден жана тоодон түшүүчү таш көчкүлөрдөн коргоочу галереялардын, ошондой эле үч жерде салынып жаткан жол тейлөө пункттарынын курулуш иштерин текшерди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү мекеме-ишканалардын жана подряддык уюмдардын жетекчилерине курулуш иштерин бекитилген мөөнөттө жана жогорку сапатта аяктоо, техникалык талаптарды так сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана көзөмөлдү күчөтүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, министр берилген тапшырмалардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыздап, курулуш иштерине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү милдеттендирди.



