Бишкекте «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасы менен GREEN AIR компаниясы үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана айлана-чөйрөнү коргоону айкалыштырган «Жаңы үйлөнгөндөрдүн бак отургузуу» аттуу жаңы экологиялык жана социалдык долбоорду ишке киргизди. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Долбоордун алкагында жаңы үйлөнгөн жубайлар үй-бүлөсүнүн түптөлүшүнүн урматына бак отургузуп, борбор калааны жашылдандырууга өз салымын кошо алышат.
Отургузулган дарак жаңы үй-бүлөнүн символу катары алардын маанилүү күнүн эскертип турат.
Долбоорго катышуу үчүн бак отургузула турган күнгө чейин кеминде эки жума мурда Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтындагы «Жаңы үйлөнгөндөрдүн бак отургузуу» бөлүмү аркылуу же 0880 005123 номери аркылуу билдирме калтыруу керек.
Катышуучулар бак отургузула турган күндү, убакытты жана аймакты өздөрү тандап, төлөмдү QR-код аркылуу жүргүзүшөт.
Долбоордун алкагында алгачкы болуп кайрылган беш жаңы үйлөнгөн түгөйгө көчөттөр белекке берилет. Ошондой эле жаңы үй-бүлөлөр үчүн бак отургузууга арналган белек сертификаты да сунушталат. Бактар сугат системасы бар жана муниципалдык кызматтар тейлеген парктарга, скверлерге жана башка коомдук жайларга отургузулат. Катышуучулар жазы жалбырак (клён), ак кайың, липа, катальпа жана каштан сыяктуу дарак түрлөрүн тандай алышат. Акыркы тандоо адистердин сунуштары жана аймактын өзгөчөлүктөрү эске алуу менен жүргүзүлөт. Долбоорго катышуунун баасы жабык тамырлуу көчөттөр үчүн 15 500 сомду, ал эми ачык тамырлуу көчөттөр үчүн 7 800 сомду түзөт.
Долбоордун негизги максаты- Бишкек шаарын жашылдандыруу, экологиялык абалды жакшыртуу жана жарандардын айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандыруу.



