7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түп районунда 71,7 чакырым жолго асфальт төшөлөт

21

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол инфраструктурасын өнүктүрүү багытында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. 2026-жылга бекитилген планга ылайык, район боюнча жалпы 71,7 чакырым жолго асфальт төшөө иштери каралган. Бул тууралу Транспорт министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Талды-Суу-Арал унаа жолунун 10 чакырымында асфальт төшөө иштери башталды.
Ошондой эле Түп-Кеген унаа жолунун 39 чакырым тилкесинде асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери уланууда.
Мындан тышкары, Михайловка-Николаевка-Токтоян-Сары-Тологой унаа жолунун 15,5 чакырымына асфальт төшөө пландалып, анын 10,5 чакырымы буга чейин бүткөрүлгөн.

Түп-Шаты-Ичке-Суу-Талды-Суу унаа жолунда да 7,2 чакырым жолду оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ал эми буга чейин асфальтталган Каркыра-Турук-Сары-Жаз унаа жолунда жол чийимдерин чийүү жана жол белгилерин орнотуу иштерине даярдык көрүлүп жатат.

Жол курулуш иштери Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө болуп, иштер белгиленген графикке ылайык аткарылып жатканы айтылды.

22