Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бишкек шаардык Тез жардам борборунун иши менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр диспетчердик борбордун иши, чакырууларды кабыл алуунун автоматташтырылган системасы жана тез жардам бригадаларынын ишмердүүлүгү менен таанышкан.
Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө жол-транспорт кырсыгы тууралуу чакыруу түшүп, министр тез жардам бригадасы менен бирге окуя болгон жерге барган.
Кызматкерлердин айтымында, учурда тез жардам унааларынын жетишсиздиги негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Бул багытта министрлик жаңы санитардык унааларды сатып алуу боюнча тендердик процедураларды жүргүзүп жатат.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында кошумча төрт тез жардам станциясы ачылган, бирок унаалар жетишсиз болгондуктан алар толук кубаттуулукта иштей албай келет. Жаңы унаалар алынгандан кийин станциялар толук кандуу ишке киргизилет.
Бул чаралар тез жардам бригадаларынын чакырууга жетүү убактысын кыскартып, калкка шашылыш медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.



