7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Айыл чарбасын каржылоо-14» программасы: фермерлерге 5 млрд сомдон ашык насыя берилди

191

Жыл башынан тарта «Айыл чарбасын каржылоо-14» программасы боюнча дыйкан-фермерлерге жалпы 5 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, насыялар «АБанк» жана «Элдик Банк» аркылуу 6 пайыздык үстөк менен берилип, аларды 3 жылга чейин кайтаруу мүмкүнчүлүгү каралган.

Жалпы алганда бул эки банк аркылуу 7 миң 694 насыя берилген.

«АБанк» аркылуу жалпы 2 млрд 465,8 млн сомго 3 миң 750 насыя берилген. Анын ичинен өсүмдүк өстүрүү багытына 263,6 млн сом (512 насыя), мал чарбачылыгына 2 млрд 165,2 млн сом (3 миң 204 насыя), ал эми сууну үнөмдөөчү технологияларга 37 млн сом (34 насыя) багытталган. «Элдик Банк» аркылуу болсо жалпы 2 млрд 608,2 млн сом өлчөмүндө 3 миң 944 насыя берилген. Бул каражаттардын 163,5 млн сому өсүмдүк өстүрүүгө (303 насыя), 2 млрд 423,5 млн сому мал чарбачылыгына (3 миң 624 насыя), 21,2 млн сому сууну үнөмдөөчү технологияларга (17 насыя) бөлүнгөн.

Программа өлкөдө айыл чарба тармагын колдоого жана фермерлердин өндүрүшүн кеңейтүүгө багытталган.

192