7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1-июлдан тарта лицензиясы жок такси айдоочуларына айып салына баштайт

215

Кыргызстанда эртеңден тарта лицензиясыз иштеген такси айдоочуларына карата административдик чаралар күчүнө кирет.

Жаңы талапка ылайык, лицензия албай жүргүнчү ташыган жарандарга 7,5 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган.

Ошондой эле оң рулдуу такси унааларына лицензия берилбейт. Ошондуктан мындай унаалардын ээлерине такси кызматын көрсөтүүгө уруксат жок.

Буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, өлкөдө болжол менен 35 миң расмий такси айдоочусу болсо, маалыматтык системалардагы эсеп боюнча такси кызматын көрсөткөндөрдүн саны 60-70 миңге жетет.

19-июнга карата Кыргызстанда 17 миңден ашык жаран такси кызматын көрсөтүүгө лицензия алып үлгүргөн.

216