7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кочкордо мыйзамсыз балык уулаган үч жаранга айып салынды

40

Кочкор районунун Арсы айылындагы «Пруд» тилкесинде мыйзамсыз балык уулап жаткан үч жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу фактысы министрликтин Нарын регионалдык башкармалыгы жүргүзгөн кезектеги рейддин жүрүшүндө катталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында уруксат берүүчү документтери жок балык уулап жүргөн жарандарга тиешелүү айып пулдар салынды.

Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар арасында мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындай рейддер туруктуу негизде өткөрүлөрү белгиленди.

41