Франциянын улуттук курама командасы Швецияны 3:0 эсебинде жеңип, 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалына жолдомо алды.
Sports.kz сайтынын маалыматына ылайык, беттештин эсеби биринчи таймдын соңунда ачылды. 45-мүнөттө бурчтан чыгарылган топту Килиан Мбаппе таамай башы менен дарбазага багыттап, Францияны алдыга чыгарды.
Экинчи таймда француздар артыкчылыгын бекемдешти. 53-мүнөттө Майкл Олисе айырманы эки топко жеткирсе, 74-мүнөттө Мбаппе өзүнүн экинчи голун киргизип, беттештин акыркы эсебин-3:0 кылды.
Бул гол Килиан Мбаппенин быйылкы дүйнө чемпионатындагы алтынчы, ал эми турнирлердеги жалпы 18-голу болду.
Бул жеңиштен кийин Франция 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын 1/8 финалына чыгып, кийинки баскычта Парагвай курама командасы менен күч сынашат.



