Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жетекчилигинде кадрдык өзгөрүүлөрдү жүргүздү.
Мамлекет башчысынын жарлыгы менен Жумгалбек Шабданбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулду.
Жумгалбек Шабданбеков аталган кызматка 2026-жылдын февраль айында дайындалган. Анын мындан ары кайсы кызматты ээлей турганы азырынча расмий түрдө жарыялана элек.
Ошондой эле башкы прокурор Максат Асаналиевдин отставкасы кабыл алынды. Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Башкы прокурордун милдетин убактылуу аткаруу анын биринчи орун басары Малик Бектургановго жүктөлөт.



