7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Биринчи түрк курлтайынын 100 жылдыгына арналган жумалык уланууда

203

1926-жылы Азербайжан улуттук илимдер академиясында алгачкы жолу түрк элдери чогулуп, түркология съезди болгон. Ага 130дан ашык делегат катышып, жалпы түрк тилдүү элдердин латын алфавитине өтүү маселеси каралган.

Кыргызстандан Касым Тыныстанов жана Базаркул Данияров катышкан.

Бүгүн аталган курултайдын 100 жылдыгы Азербайжандын маданият министрлиги, Улуттук Илимдер академиясы, Түрк мамлекеттер уюму, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жана Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан уюштурулду.

Иш чаранын алкагында илимий докладдар, көргөзмөлөр, спектаклдер, концерттик программалар жана тарыхый жерлерге саякаттар уюштурулду.

Кыргызстандан филология илимдеринин доктору Абдылдажан Акматалиев “Касым Тыныстанов жана кыргыздын латын алфавитинде жарык көргөн чыгармалар” аталышында доклад окуду.

Айта кетсек Азербайжандын Баку шаарында Биринчи Түркология курултайынын 100 жылдыгы өтүүдө. Иш чара 3-июлга чейин уланат.

204