7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө мыйзамсыз курулуштарга 1 миллион сом айып пул салынды (ВИДЕО)

13

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Аламүдүн районундагы бир катар курулуш объектилеринде мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында логистикалык-соода борборундагы кампалар, газоблок чыгаруучу завод жана аквапарктын курулушу Бирдиктүү мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.

Бул фактылар боюнча курулуш иштерин жүргүзгөн тараптарга протоколдор түзүлүп, жалпысынан 1 миллион сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилип, курулуш иштерин мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү тапшырылды.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

14