7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө бир айда экологиялык мыйзам бузгандарга 929 миң сом айып пул салынды

219

Ысык-Көл облусунда акыркы бир ай ичинде жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузган жарандарга жана юридикалык жактарга карата жалпы суммасы 929 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-июнунан 1-июлуна чейин аймакта экологиялык мыйзам бузууларды аныктоо жана алдын алуу максатында масштабдуу рейддик иш-чаралар өткөрүлгөн.

Рейддердин жүрүшүндө жаратылышты пайдалануу эрежелерин бузууга байланыштуу бир катар мыйзам бузуу фактылары аныкталып, жалпысынан 78 административдик протокол түзүлгөн.

Министрлик белгилегендей, жайкы туристтик сезондун кызуу мезгилинде Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо боюнча көзөмөл күчөтүлгөн тартипте улантылат. Жарандар жана эс алуучулар жаратылышты коргоо талаптарын так сактоого чакырылды.

220