7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жылуулук жана ысык суу түтүктөрүн тейлөө акысы жогорулады

230

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдө жылуулук жана ысык суу түтүктөрүн тейлөө үчүн алынуучу айлык төлөмдүн жаңы тарифтери күчүнө кирди.

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, тарифтер Энергетика министрлигинин буйругунун негизинде 2026-жылдын 1-июлунан тартып өзгөртүлдү.

Жаңы тарифке ылайык, үй ичиндеги жылытуу түтүктөрүн тейлөө үчүн батирдин ар бир чарчы метринин аянтына айына 1,59 сом, ал эми үй ичиндеги ысык суу түтүктөрүн тейлөө үчүн ар бир чарчы метрге 0,79 сом өлчөмүндө төлөм алынат.

Төлөмдөр батирдин жалпы аянтына жараша эсептелет. Жаңы тарифтер 1-июлдан тартып расмий түрдө күчүнө кирди.

231