Эртең, 3-июлда саат 11.00до Ысык-Көл облусунун Каджи-Сай айылындагы Nomad Camp эс алуу жайында «Тескей Ысык-Көл» аймактык маданий-өнүктүрүү жана инвестициялык форуму өтөт.
Иш-чаранын негизги максаты-Ысык-Көлдүн түштүк жээгин узак мөөнөттүү өнүктүрүү стратегиясын талкуулоо жана аймакка инвестиция тартуу болуп саналат. Форумдун демилгечиси-Жогорку Кеңештин депутаты Рахат Жунушбаева.
Форумдун алкагында 2035-2040-жылдарга чейин Ысык-Көлдүн түштүк жээгин өнүктүрүүгө багытталган алгачкы стратегиялык документ – «Тескей Ысык-Көлдү өнүктүрүүнүн комплекстүү концепциясынын» бет ачары болот.
Документте туризмди, инфраструктураны, курулушту, өнөр жайды, айыл чарбасын, санариптештирүүнү, экологияны жана адам капиталын өнүктүрүү боюнча негизги багыттар камтылган.
Ошондой эле экотуризм, маданий туризм, спорттук туризм, ден соолук жана узак өмүр, агротуризм жана гастрономия багытындагы кластерлерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган.
Концепциянын алкагында «Бир турист- бир дарак» экологиялык демилгесин ишке ашыруу, «Жомок» каньонун комплекстүү өнүктүрүү жана жаштар үчүн санариптик жана инновациялык кластер түзүү да сунушталууда.
Форумга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык жана ата мекендик инвесторлор, бизнес өкүлдөрү, эксперттер, ошондой эле Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун тургундары катышары күтүлүүдө.
Мындан сырткары, иш-чаранын программасына райондордун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн презентациялары, B2B жана G2B форматындагы жолугушуулар, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсү жана аймактагы негизги социалдык-өндүрүш объектилери менен таанышуу иш-чаралары киргизилген.



