7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте түнкү автобустарда жол кире 70–90 сом болот

223

Бишкек шаарында ишке киргизиле турган түнкү автобустардын жол киреси накталай эмес төлөмдө 70 сом, ал эми накталай төлөгөндө 90 сом болот. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Тулпар» долбоорунун директорунун орун басары Бекжан Акматбеков билдирди.

Анын айтымында, жакынкы күндөрү алты каттам боюнча түнкү автобустар тесттик режимде ишке киргизилет. Каттамдардын схемалары даяр болуп, аларды жакын арада Бишкек мэриясы жарыялайт.

Буга чейин маалымдалгандай, түнкү каттамдар саат 22:00дөн 05:00гө чейин болжол менен 40 мүнөттүк аралык менен каттап, борбор калаанын негизги райондорун байланыштырат.

Учурда Бишкек шаарындагы автобустарда күндүзгү жол кире 17 сомду түзөт.

Эске салсак, 1-июлдан тарта борбор калаанын коомдук транспортунда накталай төлөм алуу токтотулуп, жол кире накталай эмес ыкма менен гана төлөнүүдө. Ошондой эле бир сааттын ичинде автобустар арасында акысыз которулуп жүрүү системасы ишке киргизилген.

224