7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пенсия дайындоо автоматташтырылат: Соцфонд жаңы системаны ишке киргизет

215

Социалдык фонд жаш курак боюнча жана майыптык боюнча пенсияларды дайындоо процессин автоматташтыра турган жаңы маалыматтык системаны ишке киргизүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу социалдык фонддон билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, жаңы система жарандардын эмгек стажы жана кирешеси тууралуу маалыматтарды өз алдынча чогултуп, пенсиянын өлчөмүн эсептеп, автоматтык түрдө дайындайт. Мындан ары маалымкат чогултуу же Соцфонддун бөлүмдөрүнө баруу талап кылынбайт.
Пенсия курагына жетүүгө бир ай калганда жаранга «Түндүк» тиркемесиндеги жеке кабинети аркылуу билдирүү жөнөтүлөт. Анда пенсия кайсы банктын картасына которуларын гана тандоо жетиштүү болот.

Ушуга байланыштуу Соцфонд пенсияга чыга турган жарандарды «Түндүк» тиркемесин жүктөп алып, алдын ала каттоодон өтүүгө чакырды.

216