Жамгырдан улам Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолунун үч тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаралды. Ушуга байланыштуу Балыкчы–Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды.
Учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол эксплуатациялоо мекемеси атайын техникаларды тартып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү иштерин ыкчам жүргүзүүдө.
Министрлик айдоочуларды убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга, жолдо этият болууга жана тиешелүү кызматтардын көрсөтмөлөрүн так аткарууга чакырды.



