Ош шаарында 382 окуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экени аныкталды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын 92си 9-классты аяктап жаткандыктан билими тууралуу күбөлүк ала албай калуу коркунучунда.
Мониторингден кийин түзүлгөн жумушчу топтун жыйынтыгында 98 окуучу туулгандыгы тууралуу күбөлүк алды.
Калган балдарды документтештирүү иштери уланууда.
Көйгөйдүн негизги себептери катары айрым ата-энелердин паспорту жоктугу жана балдардын үйдө төрөлүп, медициналык маалым каттын берилбей калганы көрсөтүлдү.



