Бишкек шаарынын Ч.Айтматов 48 дарегинде жайгашкан 20-25 кабаттуу турак жай комплексинин курулушунда бетон куюучу унаа кулап, Курулуш министрлиги чара көрдү.
Маалым болгондой, курулуш объектисинде насостук жабдууну жылдыруу иштери жүргүзүлүп жаткан учурда конструкция жылып, натыйжада техниканын тең салмактуулугу сакталбай курулуш аянтчасынын сырткы тосмосуна кулап түшкөн.
Департаменттин адистери тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “КФ Авангард” ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүлдү. Ошондой эле 200 000 (эки жүз миң) сом айып пул салынды.
Бүгүнкү күндө окуя болгон аймак курчоого алынып, калыбына келтирилүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.



