7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарында коомдук тартипти камсыздоо боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү

275

Коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук бузуулардын алдын алуу жана жарандар үчүн коопсуз шарттарды түзүү максатында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош базарынын аймагында кезектеги рейддик-профилактикалык иш-чара уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө коомдук жайларда спирттик ичимдиктерди ичип, коомдук тартипти бузган, тилемчилик менен алектенген, ошондой эле жарандардын эркин жүрүүсүнө тоскоолдук жаратып, коомдук тынчтыкты бузган адамдар аныкталды.

Аталган жарандар милициянын аймактык бөлүмдөрүнө жеткирилип, алардын өздүгү такталууда. Учурда ар бир факты боюнча тиешелүү текшерүү жана териштирүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам талаптарына ылайык укуктук баа берилүүдө. Укук бузуу фактылары тастыкталган учурда күнөөлүү адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде тиешелүү чаралар көрүлөт.

Бишкек шаарынын ИИББ борбор калаанын тургундарын жана конокторун коомдук тартипти сактоого, мыйзам талаптарын урматтоого жана коомдук жайларда маданияттуу жүрүм-турумду карманууга чакырат.

 

276