7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине 70 миң сомдон берет

580

Өлкө башчы Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 70 миң сом өлчөмүндө бир жолку колдоо көрсөтүү тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңишинин бүткүл дүйнөлүк тарыхый маанисин эске алып, кыргызстандык жоокерлердин улуу эрдигине терең сый-урмат көрсөтүү менен таазим этип, ардагерлерге Ата Мекенди коргоодогу эрдиги жана баатырдыгы үчүн ыраазычылык билдирүү иретинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров буйрукка кол койду. Ага ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча бир жолку социалдык колдоо көрсөтүү иретинде 70 миң сомдон бөлүндү.

2021-жылдын 1-апрелине карата маалымат боюнча Кыргыз Республикасында Улуу Ата Мекендик согуштун 146 ардагери бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

581