7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ар бир кыймыл видеого тартылат. «Ак-Тилек» пунктунда көзөмөл күчөтүлдү

18

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгында коррупциянын алдын алуу боюнча кезектеги иш-чара өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, ага Башкы прокуратуранын өкүлү Алтынбек Апиев катышып, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Башкармалыктын жетекчиси Вахтанг Алаков көзөмөл-өткөрүү пункттарында жана мобилдик топтордо түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

«Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү пунктундагы коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган чаралар көрсөтүлдү.

Маалыматка ылайык, көзөмөл жүргүзгөн кызматкерлер толугу менен боди-камералар менен камсыздалган. Ошондой эле көзөмөл процесси үзгүлтүксүз видеого жазылып турат.

Белгиленгендей, Департамент мындай иштер мындан ары да улантыларын билдирди.

19