7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Көк-Арт” өткөрмө пункту ишке кирди (ВИДЕО)

13

Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 318-чакырымында жайгашкан «Көк-Арт» төлөм алуу пункту ишке кирди. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Төлөм накталай эмес тартипте гана жүргүзүлөт. Айдоочулар төлөмдү QR-код, банктык карта жана башка электрондук төлөм каражаттары аркылуу жүргүзө алышат.

Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолу өлкөбүздүн маанилүү стратегиялык жолдорунун бири. Анын курамындагы «Көк-Арт» туннели Кыргызстандагы эң узун автомобиль туннели болуп, узундугу 3 чакырым 890 метрди түзөт.

Мындай ири инженердик курулушту үзгүлтүксүз тейлеп туруу чоң чыгымды талап кылат. Туннелди күнү-түнү жарыктандыруу, желдетүү системалары, видеокөзөмөл, өрт коопсуздугу жабдуулары, авариялык байланыш каражаттары жана башка инженердик системалар үзгүлтүксүз иштеп турушу зарыл.

Төлөмдүн өлчөмү:
  • жеңил автоунаалар — 100 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик автоунаалар үчүн — 200 сом;
  • 5 тоннага чейинки кичи автобустар — 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттиктер — 1000 сом;
  • 3,5 тоннага чейинки жүк ташуучу автокөлүктөр жана тракторлор — 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттиктер — 1000 сом;
  • автобустар жана 3,5–12 тонна жүк ташуучу машиналар — 500 сом, чет өлкөлүк жана транзиттиктерге — 1500 сом;
  • 12 тоннадан жогору жүк ташуучу автоунаалар — 700 сом, чет өлкөлүк жана транзиттиктер — 3000 сом;
  • чиркегичтүү жана ири көлөмдөгү жүк ташуучу автоунаалар — 1000 сом, чет өлкөлүк жана транзиттиктерге — 5000 сом.
Чогулган каражат жолду тейлөөгө, оңдоого жана анын коопсуз пайдаланылышын камсыз кылууга багытталат. Ошондой эле төлөм алуу пунктунда 8 кыймыл тилкеси уюштурулуп, транспорт каражаттарынын үзгүлтүксүз өтүүсү камсыздалат.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

14