7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэрия: Бишкекте балдар арабасы үчүн жол акысынан бошотуу каралууда

231

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги менен кеңешме өткөрүп, коомдук транспорттун ишин жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Жыйындын жүрүшүндө калаа башчысы балдар арабасы менен жүргөн ата-энелерди араба үчүн жол акысынан бошотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгып, демилгени бир айлык пилоттук режимде ишке киргизүүнү тапшырды.

Ошондой эле накталай эмес төлөм системасы оң жыйынтык берип жатканы белгиленди. Учурда жол акысын төлөөнүн 11 ыкмасы жеткиликтүү болуп, 2026-жылдын 7-июлунда 735 миң транзакция катталган. Мунун эсебинен шаардык бюджетке күн сайын орточо 1 миллион сом кошумча түшүүдө.

Мындан тышкары, түнкү автобус каттамдарына суроо-талап өсүп жатканы айтылды. Буга байланыштуу мэр №13 каттам боюнча түнкү рейсти уюштуруу демилгесин колдоду.

Ошондой эле Батыш автобекетинде атайын транспорттук карталарды сатуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Бул борбор калаага келген жарандардын автоунаасын автобекетке калтырып, шаар ичинде коомдук транспорт менен ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзмөкчү.

232