7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Григорьевкада сел алып кеткен көпүрө толук оңдолду

9

Ысык-Көл районунун Григорьевка капчыгайында селден улам жараксыз абалга келген көпүрөнү калыбына келтирүү иштери аяктады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-июлда нөшөрлөп жааган жаандан кийин Чоң-Ак-Суу дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, капчыгайдагы 5- көпүрө жараксыз абалга келген.

ӨКМдин адистери, Садыр Аке айыл өкмөтү жана «Чайна роуд» ишканасынын атайын техникаларынын катышуусунда көпүрө кыска мөөнөттө кайра курулду.

Учурда көпүрө толугу менен калыбына келтирилип, унаалар менен жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуз өтүүсү камсыздалды.

10