7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды

30

Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясын жокко чыгарды. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

Урматтуу кыргызстандыктар!

«Үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда “Манас” эл аралык аэропортунда Tez Jet авиакомпаниясынын Бишкек – Ош багыты боюнча каттамды аткарып жаткан аба кемеси менен авиациялык окуя катталган.

Окуя болгондон кийин дароо Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги аталган окуянын жагдайларын расмий иликтөөгө киришти.

Ошону менен катар Tez Jet авиакомпаниясынын ишмердүүлүгүнө пландан тышкаркы инспекциялык текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын авиация мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуу фактылары аныкталып, алардын учуулардын коопсуздугун камсыз кылууга түздөн-түз терс таасир тийгизери белгиленди. Аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги авиакомпаниянын аталышына, тарыхына, бизнесинин масштабына же рыноктогу ордуна карабастан, мындан ары да учуулардын коопсуздугуна тобокелдик жараткан ар бир эксплуатантка карата эң принципиалдуу жана катаал чечимдерди кабыл алууну улантат жана мыйзам баарына бирдей экендигин баса белгилейт», — деп жазды Манасбек Самидинов.

31