7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Asman Airlines Алматы – Тамчы – Алматы багыты боюнча жайкы каттамдар сезонун ачты

142
Бүгүн, 10-июлда Asman Airlines авиакомпаниясы Kompas туроператору менен биргеликте ушул сезондогу Алматы – Тамчы – Алматы багыты боюнча алгачкы эл аралык каттамды ийгиликтүү аткарып, Казакстан менен Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн ортосундагы салттуу жайкы авиакаттамдардын башталышына старт берди.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда алгачкы жүргүнчүлөрдү салтанаттуу тосуп алышты. Иш-чараны «Кыргызстан аэропорттору» ААК уюштуруп, конокторго кыргыз элинин меймандостугу көрсөтүлдү.
Жайкы программага ылайык, Тамчы – Алматы – Тамчы багыты боюнча каттамдар 2026-жылдын сентябрь айына чейин жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылып, эки өлкөнүн ортосундагы ыңгайлуу жана ыкчам аба байланышын камсыздайт.

143