7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Манас” аэропортунун жаңыланган кире бериши пайдаланууга берилди

219

Бүгүн “Манас” эл аралык аэропортунун негизги кире бериши жүргүнчүлөр жана аларды тосуп алуучулар үчүн расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, негизги кире бериштин ачылышы менен катар аэровокзал комплексин масштабдуу реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери да уланууда.

Жаңыланган кире бериш жүргүнчүлөрдүн агымын натыйжалуу уюштурууга, аэропортко кирүүдөгү тыгындар менен кезек күтүүнү азайтууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда аэровокзалдын калган бөлүктөрүндө оңдоо иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп жатат.

220