7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан физика боюнча эл аралык олимпиадада тарыхый жыйынтык көрсөттү

221

Колумбиянын Букараманга шаарында өткөн 56-эл аралык физика олимпиадасында (IPhO 2026) Кыргызстандын улуттук курама командасы тарыхый ийгиликке жетишти. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Мелдешке катышкан кыргызстандык бардык беш окуучу тең байгелүү орундарга ээ болуп, өлкөнүн тарыхындагы эң ийгиликтүү көрсөткүчтөрдүн бирин жаратты.

Жеңүүчүлөр:

  • Темирхан Салиев («Газпром Кыргызстан» мектеби) – күмүш медаль;
  • Аскар Абдиев (AIMS Razzakov) – коло медаль;
  • Айтегин Эмилбеков («Газпром Кыргызстан» мектеби) – коло медаль;
  • Ахмед Абылаев («Сейтек-СТЕМ») – коло медаль;
  • Нурбол Мырзабеков («Маариф») – Ардак грамота.

Министрликтин маалыматына ылайык, Темирхан Салиевдин күмүш медалы Кыргызстан үчүн акыркы 19 жылдагы алгачкы күмүш байге болду. Буга чейин мындай жыйынтык акыркы жолу 2007-жылы катталган.

Жыйынтыгында Кыргызстандын физика боюнча эл аралык олимпиадалардагы байге куржуну 3 күмүш, 17 коло медаль жана 27 ардак грамотага жетти.

222