7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө кара түтүн чыгарган теплоходго 23 миң сом айып салынды

217

Социалдык тармактарда Ысык-Көлдө коюу кара түтүн чыгарып бара жаткан «Дария» теплоходунун видеосу тарагандан кийин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы текшерүү жүргүздү.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, видеону изилдөө учурунда теплоходдон абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттар белгиленген ченемден ашып кеткени аныкталган.

Аталган факты боюнча теплоходдун ээсине карата Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык протокол түзүлүп, анын жыйынтыгында 23 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Ошондой эле теплоходдун ээсине жаратылышты коргоо мыйзамдарын так сактоо боюнча эскертүүлөр берилди.

«Акыркы текшерүүдө теплоходдон бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмү ченемден ашпаганы аныкталды. Экологдор көл үстүндөгү көзөмөлдү улантууда», — деп жазылат маалыматта.

218