Борбор калаада «Жаш жубайлардын бак отургузуусу» аттуу экологиялык жана социалдык долбоор уланууда.
Долбоордун алкагында экинчи жаш жубайлар «Адинай» паркына салтты улантып, ясень көчөтүн отургузуп, Бишкек шаарын жашылдандырууга өз салымын кошушту.
Иш-чаранын өзгөчө учурларынын бири – Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусу болду. Ал жаш жубайларды куттуктап, аларга үй-бүлөлүк бакыт, ынтымак, бакубат жашоо жана узак өмүр каалады.
Ясень көчөтүн отургузуу жаңы үй-бүлөнүн башталышынын, сүйүүнүн, биримдиктин жана келечек муундардын алдындагы жоопкерчиликтин символу болду.



