Кезектеги демаркациялоо иштеринин алкагында бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү өкүлдөрү биргеликте Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерден башталган тилкеге алгачкы чек ара мамычаларын орнотуу башталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, учурда эки өлкөнүн жумушчу топтору чек ара тилкелеринде биргелешкен иштерди жүргүзүүдө. Буга чейин жалпы узундугу 416,01 чакырымды түзгөн тилкеде талаа иштери аткарылып, 1627 чек ара белгисинин орду аныкталып, алар жыгач жана металл казыктар менен белгиленди.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1008,14 чакырымды, ал эми нейтралдуу макамга ээ жер тилкелеринин жалпы периметри 14,07 чакырымды түзөт. 2025-жылдын 13-мартында Бишкекте эки мамлекеттин башчылары Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге кол коюшкан, бул чек ара аймактарында ишенимди андан ары бекемдөө жана узак мөөнөттүү туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн бекем эл аралык укуктук негиз түздү.



