7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Япония Кыргызстанга эки мобилдик медициналык клиника берет

141

Жогорку Кеңештеги «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити менен жолугушту.

Парламенттин маалыматына ылайык, жолугушууда парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү, эки тараптуу мамилелерди бекемдөө жана «Ала-Тоо» депутаттык тобунун Японияга болгон иш сапарынын жыйынтыгы талкууланды.

Ошондой эле Жапон өкмөтүнүн гранттык жардамынын алкагында Кыргызстанга эки мобилдик медициналык клиника берүү маселеси каралды. Алар магниттик-резонанстык томография (МРТ), компьютердик томография (КТ), рентген жана УЗИ аппараттары менен жабдылат.

Мындан тышкары, жолугушууда Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен биргелешкен долбоорлор жана алдыдагы кызматташуу пландары тууралуу сөз болду.

Белгиленгендей, 2026-жылы Улуттук жүрөк хирургиясы борборуна заманбап медициналык жабдууларды, ал эми Республикалык онкология жана гематология борборуна эки санарип маммография аппаратын жеткирүү пландалууда. Ошондой эле 2027-2028-жылдары Ош облустук клиникалык ооруканасы менен Ош облустук онкология борборуна жаңы медициналык жабдуулар берилери күтүлүүдө.

142