7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Пакистан соттолгондорду өткөрүп берүү боюнча макулдашууну күчүнө киргизди

141

Кыргызстан менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосунда соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, документке 2025-жылдын 4-декабрында Президент Садыр Жапаровдун Пакистанга болгон расмий сапарынын алкагында Исламабад шаарында кол коюлган.

Макулдашуу соттолгон адамдарга жаза мөөнөтүнүн калган бөлүгүн өз жараны болгон өлкөдө өтөөгө укуктук мүмкүнчүлүк түзөт. Бул алардын укуктарын коргоого, үй-бүлөлүк байланыштарын сактоого жана коомго кайра интеграцияланышына көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Учурда Кыргызстандын жаза аткаруу мекемелеринде Пакистандын 18 жараны жаза өтөп жатат. Эми алар белгиленген тартипте өз өлкөсүнө өткөрүлүп берүүнү өтүнүүгө укуктуу. Ар бир кайрылуу макулдашуунун талаптарына жана эки өлкөнүн мыйзамдарына ылайык өзүнчө каралат.

Башкы прокуратура билдиргендей, бул документ эки өлкөнүн кылмыш-жаза тармагындагы кызматташтыгын чыңдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

142